КИТЕПКАНА ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНА ТААНУУ – коомчулук тарабы­нан китептерди пайдалануунун максатын, прин­циптерин, мазмунун, системасын ж-а формала­рын изилдөөчү илим тармагы. Анын негизги бө­лүмдөрү: жалпы К. т. (китептерди коомдук пай­далануу ишин уюштуруу маселелерин карайт); китепкана фонду; китепкана каталогу; окур­мандар м-н иштөө, китепкана ишин уюштуруу; китепкана ишинин тарыхы. К. т-нун негизги милдети – китепкана ишинин өнүгүү мыйзам ченемин изилдөө.