КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА) – калкты китеп менен тейлөөнүн түрү. Бардык эле китепканалар өзүндө жок китептерди окурман­дардын суроолору боюнча башка китепканалардан убактылуу мөөнөткө сурап алууга акылуу. «СССРдин китепкана аралык абонементинин мамлекеттик бирдиктүү курамы жөнүндөгү жобого» (1969) ылайык аймактык жана тармактык КАА уюштурулган. Кыргызстанда КААнын мамлекеттик бирдик­түү кызматын В. И. Ленин атындагы республикалык мамлекеттик китепкана жетектеген. 2002-жана КРдин жаран­дарды китепканалык-информациялык тармактар боюнча тейлөөнү укуктук жактан камсыз кылуу жөнүндөгү жобо кабыл алынып, бул ишти Кыргыз улут­тук китепканасы жана жалпы элдик китепка­налар аткарат. Учурда интернет аркылуу ата­йын электрондук каталогдор ачылган. Окурман каалаган китебин оңой таап ала алат.