КАРСТ (Словениядагы акиташ тектүү плато)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРСТ to КАРСТ (Словениядагы акиташ тектүү плато)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРСТ , К р а с, Д и н а р а К р а с ы (нем. Karst, словенче Kras) – Словениядагы акиташ тектүү плато (батыш чет-жакасы Италияда); Динара тайпак тоосунун курамында. Истрия жарым аралынан түндүктө. Бийиктиги 643 мге чейин (Трстель чоку­су). Рельефтин накта карсттык формалары (во­ронка, кудук, үңкүрлөр), туюк чуңкурдуктар ж. б. мүнөздүү. Агын суу дээрлик жок, өсүм­дүктөрү сейрек. Күрдүү топурактуу чуңкурчак­тарында жүзүм өстүрүлөт. Платодо дүйнөгө бел­гилүү Постойнска-Яма үңкүрү бар.