КАРАЧИ
КАРА́ЧИ – Пакистандын түштүгүндөгү шаар. Синд провинциясынын административдик борбору. Инд дарыясынын дельтасында жайгашкан. Калкы 14,9 млн (2017); темир ж-а автомобиль жолдордун ири тоому.

Эл аралык аэропорту бар. Башкы деңиз порту (жылына 25 млн т га чейин жүк ташылат). Алгач балыкчы белуждардын тургун жайы болгон. 1959-жылга чейин Пакистандын расмий борбору болуп келген. Карачиде фонд биржасы, машина куруу, (анын ичинде Япониянын «Toyota», Американын «General Motors» жеңил автомобилдерин чогултат), металл иштетүү кара металлургия, нефть ажыратуу, химия, текстиль, кеме куруу ж-а ремонттоо ж. б. өнөр жай ишканалары, азот жер семирткичин чыгаруучу завод иштейт. Химия өнөр жайы (упаковкаларын чыгарат) өнүккөн. Ак сарайы (1865, учурда китепкана), соборлор, чиркөөлөр, мавзолей, мечиттер сакталган. Университет, институттар, ИИИлер, аскер-деңиз академиясы, ЖОЖдордун бир нече кампустары, музейлер, театрлар, китепканалар ж. б. бар. Карачиге жакын жерде заманбап өнөр жай зонасы «Текстиль шаары» (негизинен кебез-кездеме, боёочу каражаттар, тигилүү кийимдер чыгарылат) уюштурулууда.