КАРАКЕЕВ Курман-Гали
КАРАКЕЕВ Курман-Гали [7. 11. 1913-жылы туулган, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Күрмөнтү кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу Түп району -- 13. 11. 2012, Бишкек)] – тарыхчы, мамлекеттик ишмер, тарых илимдеринин доктору (1970),

профессор (1971), Кыргыз ССР ИАнын академиги ж-а президенти (1960), СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1968). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). Ысык- Көл айыл чарба техникумун (1933), КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти (1946), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1956), КПСС БКнын алдындагы коомдук ИАны (1959) бүтүргөн. 1933–34-жылдарда «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1934–36-жылдарда ВЛКСМ Кыргыз обкомунда бөлүм башчы, 1938–39-жылдарда «Коммунист» журналында башкы редактордун орун басары, 1939–44-жылдарда Кыргызстан КП Фрунзе обкомунун үгүт ж-а насыят бөлүм башчысынын орун басары, Тянь-Шань, Ысык-Көл обкомдорунун секретары, 1946–49-жылдарда «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1949–52-жылдарда Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, 1952–57-жылдарда Кыргызстан КП БКнын секретары, 1960–78-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын президенти, ошол эле учурда Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редактору (1968–75), 1978-жылдан тарых институтунда бөлүм башчы, илимий кызматкер. Кыргызстанда илимдин өнүгүшүнө, илимий мекемелерди уюштурууда салым кошуп, илим м-н өндүрүштүн байланышын чыңдоо, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоодо көп эмгек сиңирген. Кыргызстан тарыхына арналган 300дөй илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. «Кыргыз ССР тарыхынын» 5 томдугунун (1986) башкы редактору ж-а авторлорунун бири. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1952–56). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–63), СССР Жогорку Советинин (1962–79) депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Из истории культурного строительства в Киргизстане. Ф., 1968; Ленин и развитие науки Советского Киргизстана. Ф., 1969; Академия наук Киргизской ССР. Ф., 1974; Каракеев К. К. Великой Октябрь и наука Киргизстана. Ф., 1977.