КИРИБАТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРИБА́ТИ , К и р и б а т и Р е с п у б л и к а­ с ы – Океаниядагы мамлекет, Тынч океандын экватордук батыш бөлүгүндө. Ал 3 аралдар то­бунан турган 33 аралды (атоллду; анын 21инде эл жашайт) камтыйт: Гилберт аралдары (16 арал; бар­дыгында эл жашайт), Феникс аралдары (8 арал; Кан­тон (Абариринга) аралында эл жашайт), Лайн аралдары (8

арал; Табуаэран, Тераина, Рождество аралдарында эл жашайт), ошондой эле Банаба аралы (эл жашайт; Гилберт аралынан 400 км батыш тарапта). Аймагы батыш­тан (Банаба а-ралынан) чыгышты (Каролайн аралын) карай 4 миң кмдей аралыкка созулат. Кургактыктын аянты 719 км2 (башка маалыматтар боюнча 811 км2). Калкы 110,4 миң (2008). Борбо­ру – Баирики (Тарава атоллунда). Расмий ти­ли – англис тили; калкынын көбү кирибати ти­линде сүйлөйт. Административдик жактан 6 районго (Бана­ба аралы, Гилберттин Түндүк аралы, Гилберттин Борбор аралы, Гилберттин Түштүк аралы, Лайн аралы, Тарава аралы) ж-а 21 арал кеңешине (эл жашаган аралдардын саны­на жараша) бөлүнөт. Акча бирдиги – Австра­лия доллары.
Кирибати – БУУнун (1999), Шериктештиктин (1979), Тынч океан аралдар форумунун (1971; 2000-жылга чейин Түш Тынч океан форумунун), ЭВФтин (1986), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү бан­кынын (1986) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Кирибати – унитардык мам­лекет. Кирибатинин Конституциясы 1979-жылы 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парла­менттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, 4 жылдык мөөнөткө шайланат (3 жолу кайра шайланганга укугу бар). Президент парламент депутаттарынан вице-президентти дайындайт. Мыйзам чыгаруучу жогорку орга­ны бир палаталуу парламент – Чогулуш пала­тасы. Аткаруу бийлик өкмөткө (кабинет) таан­дык, курамына президент, вице-президент ж-а министрлер кирет. Кирибатиде көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Ма­неабан Те Маури» («Чогулушту коргоо»), «Боу­токаан Те Коауа» («Чындык мыктылары»).

Табияты. Гилберт, Феникс ж-а Лайн аралдары– ко­ралл (шуру) рифи м-н курчалган түздүктүү атолл­дор (деңиз деңгээлинен 5–8 м гана жогору); Банаба аралы – көтөрүңкү атолл (бийиктиги 81 м, Кирибатинин эң бийик жери). Негизинен коралл (шуру) акиташ текте­ринен түзүлгөн. Гилберт ж-а Лайн аралдары суу ас­тындагы жанартоо атылышынан пайда болгон тоолордун үстүндө жайгашып, Тынч океандын Борбордук чуңкурдугун батыштан ж-а чыгыштан то­роп турат. Феникс аралы Борбордук чуңкурдуктун түштүк, Банаба аралы Меланезия чуңкурдугунун борбордук бөлүк­төрүндө жайгашкан. Банаба аралында фосфорит ке­ни бар, бирок ал 1979-жылдан бери казылбайт; экономикалык зонасында темир-марганец конкрецияла­ры кездешет. Климаты экватордук деңиздик; жылдык орточо температурасы 27°С, сезон боюнча бир аз гана өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өл-

Тарава атоллу.

чөмү Гилберт, Лайн аралдарынын түштүк бөлүктөрүндө ж-а Феникс аралында 1000 мм ж-а андан аз, Гил­берт аралынын түндүк бөлүгүндө 3000 ммге чейин жаайт. Жаан-чачын аймак боюнча текши жаабайт, кургакчыл мезгил тез-тез болот. Ноябрь–март айларында тайфун жүрөт. Тузсуз суу ресурсу чектелүү. Агын суулары жок; тузсуз суунун не­гизги булагы – жамгыр суусу, кудуктардан бир аз мала туздуу суу чыгат. Кургакчыл жылдары Кирибатиде суу ресурстары өтө таңкыс болот. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн маданий өсүмдүк­төр (кокос пальмасы, нан дарагы, таро, банан ж. б.) ээлейт. Айрым жерлеринде жергиликтүү өсүм­дүктөр кездешет, мисалы, Кирибатинин түштүк бөлүгүндөгү жапыз өскөн бадалдар, түндүк бөлүгүндөгү жа­пыз дарактар ж. б.; Гилберт аралынын жээктери­нин айрым жерлеринде мангр токою өсөт. Өл­көнүн аймагы жаныбарларга жарды. Негизинен деңиз экосистемасын коргоо максатында бир нече корук уюшулган; анын ичинде Феникс аралындагы де­ңиз паркы (аянты 410,5 миң км2)– дүйнөдөгү коргоого алынган ири аймактардын бири.

Калкы. Кирибатинин негизги калкын (97,8%ин) микронезиялык кирибатилер түзөт. Калкы­нын саны 20-кылымдын ортосунан баштап өсүүдө (1950-жылы 38 миң адам болсо, 2005-жылы 103,1 миң адамга жеткен); 21-кылымдын башында калктын өсүүсү 2,3%ти түздү. Төрөлүү 1000 адамга 30,3 бала (төрөлүүнү чектөө саясаты жүргүзүлүүдө), өлүм-житим 8 адам. Калкынын орточо курагы 20,6 жыл. Курактык курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 37,9%ти, эмгекке жарамдуу курак­тагылар (15–64 жаштагылар) 58,7%ти, 65тен ашкандар 3,4%ти түзөт (2008). Орто эсеп м-н 100 аялга 99 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 62 жаш (эркектердики 59,8 жаш, аялдардыкы 66 жаш; 2008). Калктын санынын өсүп жаткандыгына байланыштуу миграция­лык кыймыл катуу көзөмөлгө алынган. Өлкөнүн элинин 92%тен ашыгы – христиандар. Кирибатинин калкынын 80%и Гилберт аралында (анын ичинде борбордук Та­рава атоллунда 50%) жашайт. Экономикалык активдүү калктын көбү дыйканчылык кылат, балык кар­майт.

Тарыхы. Кирибатиге таандык аралдарга б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында австронезиялык уруулар, 13–14-кылымдарда Самоа, Тонга ж-а Фижи аралдарынын кал­кы көчүп келип, отурукташа баштаган. Жергиликтүү калкы – кирибатилер. 1606-жылы Бутаритари аралы (испан деңиз саякатчысы П. Фернандес де Ки­рос ачкан), 1765-ж. Никинау аралы (британиялык капитан Ж. Байрон ачкан), 1788-жылы Тарава ж. б. аралдар (Т. Гилберт ж-а Ж. Маршалл ачкан), 1826-жылы Кирибатинин курамына кирген бардык арал­дар ачылып, аларды орус деңиз саякатчылары –Ф. Ф. Беллинсгаузен ж-а И. Ф. Крузенштерн­дер изилдеген. 1857-жылы христиан миссионерле­ри жергиликтүү калкты христиандаштыра баштаган. 1892-жылы Гилберт ж-а Эллис (азыркы Тувалу),

1900-жылы Ошен (азыркы Банаба), 1916-жылы Лайн, 1937-жылы Феникс аралдары Улуу Британия колониясы­на айланган. 2-дүйнөлүк согушта япон аскерле­ри Ошен, Тарава, Бутаритари ж-а Абемама аралдарын басып алып (1942), Ошен аралынын жергиликтүү калкын Науру ж-а Кусаие аралдарына көчүрүп, калгандарын 1945-жылы кырган. 1943-жылы ноябрда Тарава аралына америкалык десант түшүрүлүп, айыгышкан салгыла­шуулардан кийин япондуктар аралдан чыгарыл­ган. АКШ бул аралга аскер базасын орноткон. Согуш бүткөндөн кийин АКШнын колдоосу м-н Улуу Британия колония аймагына (Рождество аймагына; азыркы Киритимати) ядролук куралдарды сыноодон өткөргөн. 1963-жылдан Улуу Брита­ния колониялык башкаруу системасын рефор­малай баштаган. Аткаруу ж-а Консультациялык кеңеш (1967-жылдан Өкүлдөр палатасы ж-а Өкмөттүк кеңеш) уюшулуп, кеңешке жергиликтүү эл­дин өкүлдөрү дайындалган. 1971-жылы колония өзүн өзү башкаруу (британдык губернатор жетектеген) укугуна ээ болгон. Мыйзам чыгаруу кеңеши түзүлгөн. Ал 1974-жылы Чогулуш палатасы болуп өзгөрүп, башкы министрлик кызмат киргизилип, аны Набоуа Ратиета ээлеген. 1975-жылы 1-ноябрда колония экиге (Гилберт аралы ж-а Эллис аралы) бө­лүнгөн. 1977-жылы 1-январда Гилберт аралы колония­сына өзүн-өзү башкаруу укугу берилип, 1979-ж. 12-июлда алардын көз карандысыздыгы жарыя­ланган. Жаңы пайда болгон мамлекет Кири­бати Республикасы деп аталган. Мамлекеттин алгачкы президенти – Иеремия Табаи (мурдагы башкы министр, 1991-жылга чейин президент). 1999- жылдан Кирибати – БУУнун мүчөсү. 2007-жылы Аноте Тонг экинчи жолу президенттикке шайланган.

Чарбасы. Кирибати – дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкө­лөрдүн бири; экон. негизги көрсөткүчтөрү б-ча Океаниядагы көп өлкөлөрдөн да артта турат. ИДПнин көлөмү 348 млн доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 3600 доллардан туура келет. ИДПнин өсүүсү 2% (2007). ИДПнин 66,8%и тейлөө чөйрөсүндө (анын 20%и туристтик сектор­до), 24,2%и ө. ж-нда (курулуш, суу ж-а электр м-н камсыз кылуу кошо), 8,9%и а. ч-нда түзүлөт. Мамл. бюджет (2007-ж. 55,52 млн доллар) таң­кыс чыгат (–19,87 млн доллар). Кирешенин ба­сымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (Түш. Корея, Япо­ния, Кытай, амер. ж. б.) кемелерге К-нин гана экон. зонасынан (аянты 3,6 млн км2 чамасын­да) балык кармоого лицензия сатуудан түшөт.
Чет өлкөлүк финансылык жардам орто эсеп м-н жылына 15–20 млн долларды түзөт (2005-ж. 27,84 млн доллар); негизги донорлору: Япония, Австралия, Жаңы Зеландия, АКШ. Ки­решенин маанилүү булагы (жылына 5–10 млн доллар) – чет өлкөлүк балык уулоочу кемелер­де иштеген (2 миңдей адам) кирибатиликтерден түшкөн акча. Туризмдин өнүгүүсүнө (чет өлкө­лөрдөн жылына 2,5 миңге жакын турист ке­лет) аймагынын алыстыгы ж-а инфраструкту­ранын жоктугу тоскоол болот. Туризмдин не­гизги объектилери: Тарава атоллу (этногр. айыл­дар, аскер техникасынын калдыктары), Рож­дество а. (Океаниядагы эң ири атоллдордун бири), Каролайн а. (Милленниум; анын тургун­дары Жаңы жылдын келишин 1-болуп майрам­дай баштайт). Мамл. сектор соода, авиатран­спорт, мейманкана бизнеси, коммуналык чарба ж. б. тармактарда бысымдуулук кылат. Келе-


Кирибати акчасы – австралия доллары.

чекте К-де а. ч. ж-а балык промыселин, туризм­ди, башка өлкөлөр м-н аба катнашын өнүктүрүү, соода таңкыстыгын жоюу ж. б. б-ча улуттук план каралууда. Алыскы аралдарда жашаган калктын басымдуу бөлүгү копра, балык, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып күн көрүшөт.
Ө. ж-н пальма майын, тунец балыгын даяр­доочу, эмерек жасоочу, кийим тигүүчү чакан иш­каналар түзөт. Өндүрүлгөн электр энергиясынын (10 млн кВт.с) 9,3 млн кВт.сы ички муктаж­дыкка керектел ет. Кустардык пром ысели өнүккөн: корзина, балыкчылар үчүн конус сы­мал калпак согуу, каноэ кайыгын жасоо ж. б. Өлкө аймагынын 2,5%и а. ч-нда пайдаланууга жарамдуу. Экспорт үчүн кокос пальмасы, ички керектөөлөргө таро, банан, нан дарагы, папайя, ямс, маниок өстүрүлөт. Мал чарбасы анча өнүк­көн эмес: чочконун ж-а үй куштарынын санын көбөйтүүгө аракет жасалууда. Балык кармалат, деңиз продуктулары чогултулат.
Транспортун негизинен паром, кеме, кайык түзөт; алар негизинен Гилберт а-н бири-бири м-н байланыштырат; башка алыскы аралдар м-н дээрлик байланыш жок. Маанилүү порту – Тарава а-нда (Бетио). Жерг. авиакомпания Та­равадан Гилберттин дээрлик бардык аралдары­на рейс жасайт. 19 аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тарава (Бонрики, негизги) ж-а Рождество (Банана) а-нда жайгашкан. Автомо­биль жолунун жалпы уз. 670 км (2000).
Товардык экспортунун наркы 17 млн доллар, импорттуку 62 млн доллар (2005). Экспортко негизинен копра (наркынын 2/ дейи), кокос жаңгагы, тирүү балык, деңиз продуктулары ж-а деңиз балырлары (негизинен Японияга ак­вариум үчүн жөнөтүлөт). Негизги соода шерик­тери: Бельгия, Япония, Австралия. Азык-түлүк (эт, эт консервасын, ун ж. б.), отун, кеңири ке­ректелүүчү товарларды, түрдүү машина ж-а жаб­дууларды негизинен Австралиядан, Фижиден, Япониядан сатып алат.

Маданияты

. Кирибатиде билим берүү мекемелерин Билим берүү, кесипке даярдоо жана технология министрлиги жетектейт. Чиркөө же жамаат мектепке чейин тарбиялайт. 1980-жылдарда милдеттүү акысыз 9 жылдык базалык билим берүү (6 жылдык башталгыч билим жана 3 жыл­дык толук эмес орто билим) киргизилген. Кирибатиде толук орто мектептин (2 жылдык) 23%и мам­лекетке, калган бөлүгү чиркөөгө тиешелүү.
Өлкөдө 91 башталгыч мектеп (97,4% окуучу), 24 толук эмес жана 16 толук орто мектеп (67, 6%) иштейт (2005). Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 93,4%ды түзөт (2006). Түштүк Тынч океан университети (Фижи), педагогикалык коллеж, деңиз, тех­нологиялык институттар, полиция академиясы, балык чар­ба борбору, Тарава академиясында Улуттук китепкана жана архив (1979) жана башкалар бар.
Кирибатиде башкы басма органы – жумасына чыгуу­чу өкмөттүк «Te Uekera» (1945). Биринчи көз карандысыз гезит – «The Kiribati Newstar» (2000). Радио уктуруу 1952-жылдан жүргүзүлөт. И. Табаи жетектеген менчик радиостанция «New Air FM» (1999) иштейт, «Radio Australia» жана «Америка үндөрүнүн» радиопрограммалары ук­турулат. Өлкөдөгү бардык телекоммуникация­лык тейлөөлөрдү мамлекеттик «Telecom Services Kiribati Limited» компаниясы (1990) иш жүзүнө ашы­рат.


Ад.: Рубцов Б. Б. Океяния. М., 1992; Кирибати // Большая Российская энциклопедия. Т. 14. М., 2009.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.