КИЛКИЛДЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛКИЛДЕК – уйдун баш, шыйрагынан жаса­луучу тамак. Уйдун куйкаланган даяр баш этин шылып алып, шыйрагын бузуп, муздак сууга салып, азыраак отко бүлкүлдөтүп, эзилте (сөөктөн эт ажыраганга чейин) бышырат. Быша жаздап калганда, даамына жараша коруш (тууралган сабиз, пияз, сарымсак, туз, калемпир, мурч, лавр жалбырагы, ашкөк) кошот. Быш­кандан кийин үстүндөгү майын калпып алып, этти чыгарат. Сөөгүнөн шылынган куйкумду майда туурап, чыпкаланган сорпого салып, дагы бир аз кайнатат да, суутуп, кыя кесилген жумуртка кошуп, калыптарга куят.