КИЛКИЛДЕК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИЛКИЛДЕК – уйдун баш, шыйрагынан жасалуучу тамак. Уйдун куйкаланган даяр баш этин шылып алып, шыйрагын бузуп, муздак сууга салып, азыраак отко бүлкүлдөтүп, эзилте (сөөктөн эт ажыраганга чейин) бышырат. Быша жаздап калганда, даамына жараша коруш (тууралган сабиз, пияз, сарымсак, туз, калемпир, мурч, лавр жалбырагы, ашкөк) кошот. Бышкандан кийин үстүндөгү майын калпып алып, этти чыгарат. Сөөгүнөн шылынган куйкумду майда туурап, чыпкаланган сорпого салып, дагы бир аз кайнатат да, суутуп, кыя кесилген жумуртка кошуп, калыптарга куят.

