КАРА-ТАШ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)
КАРА-ТАШ – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Капчыгай айыл округуна караштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1710 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара- Кулжа кыштагынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 143 км. Калкы 905 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана ж-а ФАП бар.