КАРА-СУУ (Алай районундагы кыштак)
КАРА-СУУ – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Будалык айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1870 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 101 км. Кыштак 1938-жылы негизделген. Калкы 749 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.