КАРА-ЖЫГАЧ (Аламүдүн районундагы кыштак)
КАРА-ЖЫГАЧ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Кара-Жыгач айыл округуна караштуу. Кыштакка 1958-жылы Бек-Тоо кыштагы кошулган. Деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 17 км түштүк тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинен 25 км. Кыштакты аралап Түштүк Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 6811 (2022); негизинен багбанчылыкта ж-а жүзүмчүлүктө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, маданият үйү ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго, В. И. Ленинге эстелик тургузулган. Кыштактын чет жакасында Кара-Жыгач шаар чалдыбары бар, балдардын эс алуу лагерлери жайгашкан.