КАРА-ЖЫГАЧ (Токтогул районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-ЖЫГАЧ to КАРА-ЖЫГАЧ (Токтогул районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫГАЧ , К ы з ы л - Ж а з ы – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. А. Сүйөркулов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 960 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Токтогул шаарчасынан 35 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 165 км аралыкта. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 3186 (2022); негизинен мал м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча бар. Тамактануу жайлары, соода түйүндөрү иштейт.