КИПРЕНСКИЙ Орест Адамович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИПРЕ́НСКИЙ Орест Адамович [13 (24). 3. 1782, Санкт-Петербург губерниясы, Нежинск мызасы (хутору) – 17. 10. 1836, Рим] – орус живописчи­си ж-а графиги. 1788–1803-ж. Петербург сүрөт ака­демиясынан билим алган. 19-к-дын башында-

О. А. Кипренский. Е. С. Авдулинанын портрети. 1822–23.

гы эң ири орус портретисттеринин бири, роман­тизмдин өкүлү. Алгач «Дмитрий Донской Ку­ликов талаасында» (1805) деген патриоттук кар­тинасын (алтын медалга татыктуу болгон) ж-а экспрессиялуу сүрөттөрдү жараткан. К портрет­теринде адамдын кулк-мүнөзүн даана чагыл­дырган. А. К. Швальбе (1804), Е. В. Давыдов (1809), жубайлар Ростопчиндердин (1809-ж. чен­де) портреттеринде ички дүйнөсү жагымдуу ж-а романтикалык умтулуусу бай образдарды түз­гөн. Акындар А. Крылов, К. Н. Батюшков, И. В. Гёте, А. Мицкевич, арх. Ж. Кваренги ж. б. иск-во ишмерлеринин мүнөздөмөлөрү терең графикалык портреттер сериясын жараткан. 1816–23-ж. ж-а 1828-жылдан Италияда жаша­ган. 1827-ж. А. С. Пушкиндин портретин тарт­кан. Орус портрет живописине К. романтика­лык пафосту, бийик гуманизмди ж-а образдар­дын гармониялык ачыктыгын киргизген.


Ад.: Сарабьянов Д. В. О. А. Кипренский. Л., 1982; Зименко В. М. О. А. Кипренский. М., 1988.