КИПРЕНСКИЙ Орест Адамович
КИПРЕ́НСКИЙ Орест Адамович [13 (24). 3. 1782, Санкт-Петербург губерниясы, Нежинск мызасы (хутору) – 17. 10. 1836, Рим] – орус живописчи жана графиги. 1788–1803-жылдары Петербург сүрөт академиясынан билим алган. XIX кылымдын башындагы эң ири


орус портретчилеринин бири, романтизмдин өкүлү. Алгач «Дмитрий Донской Куликов талаасында» (1805) деген патриоттук картинасын (алтын медалга татыктуу болгон) жана экспрессиялуу сүрөттөрдү жараткан. О.Кипренский портреттеринде адамдын кулк-мүнөзүн даана чагылдырган. А. К. Швальбе (1804), Е. В. Давыдов (1809), жубайлар Ростопчиндердин (1809-жылдар ченинде) портреттеринде ички дүйнөсү жагымдуу жана романтикалык умтулуусу бай образдарды түзгөн. Акындар А. Крылов, К. Н. Батюшков, И. В. Гёте, А. Мицкевич, архитектор Ж. Кваренги жана башка искусство ишмерлеринин мүнөздөмөлөрү терең графикалык портреттер сериясын жараткан. 1816–1823-жылдары жана 1828-жылдан Италияда жашаган. 1827-жылы А. С. Пушкиндин портретин тарткан. Орус портрет живописине Кипренский романтикалык пафосту, бийик гуманизмди жана образдардын гармониялык ачыктыгын киргизген.
Ад.: Сарабьянов Д. В. О. А. Кипренский. Л., 1982; Зименко В. М. О. А. Кипренский. М., 1988.