КИНО ТАРТЫЛУУЧУ ПАВИЛЬОН
КИНО́ ТАРТЫЛУУЧУ ПАВИЛЬО́Н – ичине кино тартуу үчүн атайын курулган ж-а жасалгаланган имарат. Ал – киностудиянын негизги өндүрүштүк бөлүгү. Анын акустикасы үндү таза жазууга мүмкүнчүлүк бериши зарыл. К. т. п. айнектери жок, ар кандай конструкциялардан тургузулуп, капталына ж-а төбөсүнө үн өткөрбөс материал м-н капталат. Имараттын кино тартылуучу бөлмөсүнүн төбөсүнө декорацияны, жарык берүүчү аппаратураларды бекитүүчү механизмдер орнотулат. Павильон кичине (18x24 м2), орточо (21x30 м2), чоң (30x36 м2) ж-а өтө чоң (36x48 м2) болуп курулуп, алардын пайдалуу аянттары 150–14000 м2 ж-а бийикт. 6–25 мге жетет. Каалгалары да үн өткөрбөй тургандай жасалат. Ичинде ар кандай көрүнүштөрдү (жамгыр, суу ташкыны ж. б.) жасоо үчүн суу жүргүч тармак, канализация, суу бассейндери курулат.