КИМ ИР СЕН
КИМ ИР СЕН , К и м С о н Ч ж у (15. 4. 1912, Пхеньянга жакын Мангёндэ кыш. – 8. 7. 1994, Мёхянсан, сөөгү салынган саркофаг Пхеньяндагы резиденциясына орнотулган) – Корея

Элдик Демокр. Респ-нын (КЭДР мамл. ж-а саясий ишмери; Түн. Корея мамлекетинин негиздөөчүсү. КЭДР маршалы (1953). 3 жолку
КЭДР Баатыры (1958, 1972, 1987). 1926-ж. Гирин ш-нда орто мектепте окуп жүргөндө эле комсомолдук жашыруун уюмга кирип, окуучулардын рев-ялык кыймылын башкарган. 1929-ж. рев-ялык иши үчүн камалып, андан бошогондон кийин (1930) Гиринде комсомолдун округдук к-тинин секретары болгон. 1931-ж. Кытай КПнин катарына өткөн. 1932-ж. апрелде Кореянын партизан отрядын уюштурган, кийин ал элдик рев-ялык армияга айланып, К. И. С-дин жетекчилиги м-н Түн.-Чыгыш Кытайда ж-а Кореянын түн. аймактарында япон баскынчыларына каршы активдүү күрөшкөн. Корея бошотулгандан кийин К. И. С. Корея КП Түн. кореялык Уюштуруу бюросунун 1-секретары (1945), Түн. Корея Убактылуу элдик к-тинин (1946), Түн. Корея Демокр. улуттук биримдик фронтунун БКсынын (1946–49), Түн. Корея Элдик к-тинин төрагасы (1947, февраль – 1948, сентябрь). КЭДР министрлер кабинетинин төрагасы (1948, сентябрь – 1972, декабрь). 1972-ж. КЭДРдин жаңы конституциясы кабыл алынганда президенттикке шайланган (1972–94). 1966- жылдан КЭП БКнын Генералдык секретары. Эки Ленин, Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
Чыг.: Избр. произведения. М., 1987.