КИМАКТАР
КИМАКТАР , к и м е к т е р – орто кылымдагы түрк урууларынын бири. Кимактар этноними алгачкы жолу 8-кылымда эскерилген. Перс тарыхчысы Гардизинин эмгегиндеги имек (имак), кытай хроникаларында яньмо, «Худуд ал-аламда» кимекия (кимакия), М. Кашгариде йемектер бир этнос катары берилген ж-а теги жагынан кыпчак, кумандар м-н байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. 7 кылымда Түндүк Алтайда, Иртыш дарыясынын ортоңку агымдарында, 9–11-кылымдарда Чыгыш ж-а Борбордук Казакстандын аймактарында жашап, түштүгүнөн кыргыздар м-н чектешип турганы айтылат. Кимактардын этностук курамын эймур, имак, татар, байандур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруулары түзгөн. 740–840-жылдарда Уйгур кагандыгына карап, ал кулагандан кийин өз алдынча кагандык болуп калган.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2000; Кумеков Б. Е. Государство кимаков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007.