КИКОИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИКО́ИН Исаак Константинович [15 (28). 3. 1908, азыркы Литва, Жагаре – 28. 12. 1984, Моск­ва] – орус физиги. СССР ИАнын академиги (1953; корр. мүчөсү, 1943), Соц. Эмг. Баатыры (1951, 1978). Лениндик (1959) ж-а СССР мамл. сыйл. (1942, 1949, 1951, 1953, 1967, 1980) лауреаты.
Ленинград политех. ин-тун бүтүргөн (1930). Ле­нингад физ.-тех. ин-тунда, Свердловск металл физикасы ин-тунда (1936), Атом энергия ин-тун­да (1943) иштеген. Москва инж. ин-тунун (1944- жылдан), МГУнун (1955-жылдан) проф. Негиз­ги ил. эмгектери атом физикасы м-н техника­сына ж-а катуу заттардын физикасына арнал­ган. Куб түрүндөгү кристаллдардын анизотроп­туу фотомагниттик эффектилерин изилдеп, Ки­коин – Носков эффектисин ачкан (1933). Суюк металлдардагы Холл эффектисине жогорку өткөргүчтүктөгү гидромагниттик эффектиге бай­ланыштуу өлчөөлөрдү жүргүзгөн. К.– физика б-ча орто мектеп үчүн окуу китептеринин ж-а программалардын автору. «Квант» журналынын башкы редактору (1970-жылдан). Жети Ленин ж. б. орден ж-а медалдар м-н сыйланган.


Ад.: И. К. Кикоин: воспоминания современников / Под ред. Н. Н. Пономарёва-Степного. 2-е изд. М., 1998.