КИЖИ
КИ́ЖИ – Онега көлүндөгү арал (Карелия), анда Спас погостунун жыгач курулмалар комплекси (18–19-к.) жайгашкан. Кижи Спас 16-к-да бир нече аралдагы 115 кыштакты бириктирген во-

лосттун адм. борбору. 17-к-дын ортосунда тышкы душмандардан коргонуу үчүн күзөт мунаралуу дубал м-н курчалган. Мындагы Преображенье чиркөөсүндөгү 22– Покров чиркөөсүндөгү 9 мунара өтө көркөм жасалган. 1965-ж. «Кижи» тарыхый-арх-ралык музейи уюштурулуп, 1969-ж. тарыхый-арх-ралык ж-а этногр. музей-корукка айландырылган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Ад.: Кижи/Сост. С. В. Воробьева и др. 2-е изд.,
Петрозаводск, 2007.