КИЖИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИ́ЖИ – Онега көлүндөгү арал (Карелия), анда Спас погостунун жыгач курулмалар комплекси (XVIII–XIX кылымдар) жайгашкан. Кижи Спас XVI кылымда бир нече аралдагы 115 кыштакты бириктирген волосттун административдик борбору.

XVII кылымдын ортосунда тышкы душмандардан коргонуу үчүн күзөт мунаралуу дубал менен курчалган. Мындагы Преображенье чиркөөсүндөгү 22 – Покров чиркөөсүндөгү 9 мунара өтө көркөм жасалган. 1965-жылы «Кижи» тарыхый-архитектуралык музейи уюштурулуп, 1969-жылы тарыхый-архитектуралык жана этнографиялык музей-корукка айландырылган. Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
Ад.: Кижи/Сост. С. В. Воробьева и др. 2-е изд.,Петрозаводск, 2007.