КИВИ СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́ВИ СЫМАЛДАР , к а н а т с ы з д а р (Apterygiformes) – жалпак төштүү куштарга жакын түркүм. Узундугу 50–80 см, салмагы 1,5–4 кг.

Денеси куш жүн м-н тегиз жабыл­ган. Канаты ре­дукцияланган , куйругу жок, бут­тары кыска, жоон, курч тыр­мактуу. Тумшугу узун, ийилген, учунда таноолору жайгашкан. Бир тукумунун (кивилер) 1 уруу­су, 3 түрү Жаңы Зеландияда жашайт. Тиричи­лигин түнкүсүн өткөрүшөт, жыш өскөн өсүм­дүк арасында жашап, уясын ийинге же дарак тамырларынын астына салат. 1–2 чоң жумуртка тууйт, аларды эркеги басып чыгарат. Курттар, курт-кумурска ж-а жерге түшкөн мөмө-­жемиш м-н азыктанат. Саны өтө азайып кет­кендиктен, коргоого алынган.