КИВИ СЫМАЛДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИ́ВИ СЫМАЛДАР , к а н а т с ы з д а р (Apterygiformes) – жалпак төштүү куштарга жакын түркүм. Узундугу 50–80 см, салмагы 1,5–4 кг.

Денеси куш жүн м-н тегиз жабылган. Канаты редукцияланган , куйругу жок, буттары кыска, жоон, курч тырмактуу. Тумшугу узун, ийилген, учунда таноолору жайгашкан. Бир тукумунун (кивилер) 1 уруусу, 3 түрү Жаңы Зеландияда жашайт. Тиричилигин түнкүсүн өткөрүшөт, жыш өскөн өсүмдүк арасында жашап, уясын ийинге же дарак тамырларынын астына салат. 1–2 чоң жумуртка тууйт, аларды эркеги басып чыгарат. Курттар, курт-кумурска ж-а жерге түшкөн мөмө-жемиш м-н азыктанат. Саны өтө азайып кеткендиктен, коргоого алынган.