КЕСОН-СИТИ
КЕ́СОН-СИ́ТИ – Филиппиндеги шаар. Лусон
а-нын борб. бөлүгүндө, Түш.-Кытай деңизиндеги Манила бухтасынан чыгышта жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2008); калкынын саны ж-а ээлеген аянты жагынан Чоң Манила конурбациясынын (калкы 11,0 млн) курамына кирген шаарлардын эң ириси. Шаар 1939-ж. негизделген.
1948–76-ж. өлкөнүн расмий борбору болгон.
Жеңил, тамак-аш, хим. ж-а металл иштетүү
ө. ж. ишканалары иштейт. Геология илимдери ж-а тоо иштери бюросу (1898), Вулканология ж-а сейсмология (1952), Ядро изилдөө ин-ттары (1958), Инновация ж-а технология региондук билим берүү борбору (1970), 25 ун-т кампуста-

ры, сүрөт галереясы, музей комплекстери бар. Зоопарк ж-а жапайы табигый паркы уюштурулган. Өлкөнүн 1-президенти М. Л. Кесондун ысмынан аталган.