КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович (1915, Чүй обл., Сокулук р-ну, Күн-Туу айылы – 18. 8. 2006, Биш­кек) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1984).
Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатын­дагы мамл. сыйл. лауреаты (1970); Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Фрунзе пед. окуу жайын (1935), Ленинград мамл. ун-тин (1941) бүткөн. 1946–56-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тарых музейинде директор, 1957– 70-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда бөлүм башчы, 1970–86-ж. улук ил. кызматкер, 1986– 91-ж. жетектөөчү ил. кызматкер, 1991–2000-ж. ил. консультант болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, «Ар­дак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.


Эмг.: Советский Киргизстан в Великой Отечествен­ной войне 1941–45 гг. Ф., 1985.