КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович
КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович (1915, Чүй облусу, Сокулук району, Күн-Туу айылы – 18. 8. 2006, Бишкек) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1984). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970); Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Фрунзе педагогика окуу жайын (1935), Ленинград мамлекеттик университетин (1941) бүткөн. 1946–56-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тарых музейинде директор, 1957–70-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда бөлүм башчы, 1970–86-жылдарда улук илимий кызматкер, 1986– 91-жылдарда жетектөөчү илимий кызматкер, 1991–2000-жылдарда илимий консультант болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Советский Киргизстан в Великой Отечественной войне 1941–45 гг. Ф., 1985.