КЕРЕКТӨӨЛӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕКТӨӨЛӨР – организмдин иштөөсүн, адам­дын керт башын, социалдык топту, бүтүндөй коомду колдоо үчүн зарыл болгон кандайдыр бир нерсеге муктаждык же кемчилик; активдүүлүктү ичтен козгогуч. К. физиол. (тамакка, кийимге, жылуулукка, коопсуздукка К.), социалдык (сүйүүгө, достукка, мамилеге К.), интеллекту­алдык (билимге, өзүн өзү аңдап-түшүнүүгө К.) болушу мүмкүн. Эгер адам кандайдыр бир ке­ректөөсүн канааттандыра албаса, ал аны алмаш­тырат же өз таламын азайтат. К. рынок шар­тында өзгөрүүгө дуушар болууда.