КЕРГЕЛЕН-ГАУССБЕРГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРГЕЛЕ́Н-ГА́УССБЕРГ , К е р г е л е н – Инди океандын түштүгүндөгү суу астындагы кырка тоо. Антарктидага жакын, Африка-Антаркти­да ж-а Австралия-Антарктида чуңкурдуктары­нын аралыгында 2600 кмге созулуп жатат. Жа­зылыгы 950 кмге чейин. Океандын бетинен кырка тоонун кырына чейинки басымдуулук кылган тереңдиги 1000–2000 м. Кырка тоонун чокулары суудан чыгып, аралдарды пайда кылат; алардын эң ирилери – Кергелен, Херд. Кергелен-Гауссберг океан түбүнөн келки көтөрүлүп, айрым жерлерине жанартоо формалары мүнөздүү. Не­гизинен базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Кыр­ка тоодогу жанартоо палеогенден баштап ара­кетте. Кырка тоону 1929–31-жылдарда Д. Моусон баш­таган Австралия экспедициясы ачкан.