КЕҢДИК БАРИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢДИК БАРИ́Т КЕНИ Нарын облусунун Жум­гал районунда, Чаек кыштагынан 65 км түштүк-батыш­та, деңиз деңгээлинен 2500 м бийикте. 1958-жылы изилде­нип, бааланган. Алгачкы таш көмүр мезгилин­де пайда болгон чөкмө катмардын ичинде ка­лыңдыгы 0,8–1,2 м, узундугу 20–84 м болгон барит­тин үч тарамы кездешет. Барит өзүнүн химиялык сапа­ты боюнча А классына тийиштүү ж-а литопон кү­күмүн алууга жарамдуу. Эсептелген запасы С1 ка­тегориясы боюнча 492 т, С – 3463 т, С +С – 3955 т.