КЕН ЫЛГОО
КЕН ЫЛГОО – майда талкаланган тектердин арасынан керектүү металлдарды бөлүп алуу процесси. Металлургиялык же хим. жактан кайра иштетүүгө мүмкүн болгон, экон. пайдалуу зат-
тарды тоо тектерден ажыратуу ыкмасы. Мында минералдардын хим. курамын, структурасын, агрегаттык абалын өзгөртпөй, керектүү заттар бөлүнүп алынат. Процесс гидрометаллургиялык, хим. жол м-н кайра иштетүү аркылуу ишке ашат. Табигый кенден же көмүрдөн керектүү компоненттерди бөлүп алуу экон. жактан пайда бербейт. Техниканын да күчү жетпейт. К. ы. процессинде концентрат ж-а куйрук өндүрүлөт. Кээде конце нтраттар куйруктардан минералдык бөлүкчөлөрүнүн кесектиги, ирилиги м-н айырмаланат (мис., асбест, антрацит). Эгерде бир нече пайдалуу компонент болуп калса, анда бир канча концентрат алууга болот. Мис., полиметалл кенташынан коргошун, цинк, жез, күкүрт концентраты ылганат. О. эле концентраттын түрдүү сорттору же комплекстүү концентрат өндүрүлөт, мис., жез-алтын же никель-кобальт концентраттары. К. ы. пайдалуу компонентти ылгоо системасын түзүү м-н ишке ашат. Адегенде кенташ майда талкаланат. Материал 20–30 ммге
чейин тегирменге тартылат. Керектүүлөрүн бөлүп алуу үчүн калбырлар колдонулат. Талкаланган бөлүкчөлөрү үчүн атайын классификатор пайдаланылат. Кенди минералдардын физ.-хим. касиеттерине карай ылгайт. Кесек бөлүкчөлөрдүн өңү-түсүн, жылтырактыгын аппарат аныктайт. Радиоактивдүүлүгү радиометрлик жол
м-н такталат. Оордук күчү, тыгыздыгы, салмагы гравитациялык ыкма м-н билинет. Магниттүүлүгүн магнит сеперациясы, электрдик касиеттерин электр сеперациясы аркылуу билүүгө болот. Азыркы кезде гравитация ж-а флотация ыкмалары кеңири колдонулууда.