КЕН ЫЛГОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ЫЛГОО – майда талкаланган тектердин арасынан керектүү металлдарды бөлүп алуу про­цесси. Металлургиялык же химиялык жактан кайра иштетүүгө мүмкүн болгон, экономикалык пайдалуу заттарды тоо тектерден ажыратуу ыкмасы. Мында минералдардын химиялык курамын, структурасын, агрегаттык абалын өзгөртпөй, керектүү заттар бөлүнүп алынат. Процесс гидрометаллургиялык, химиялык жол м-н кайра иштетүү аркылуу ишке ашат. Табигый кенден же көмүрдөн керектүү ком­поненттерди бөлүп алуу экономикалык жактан пайда бер­бейт. Техниканын да күчү жетпейт. Кен ылгоо про­цессинде концентрат ж-а куйрук өндүрүлөт. Кээде концентраттар куйруктардан минералдык бөлүкчөлөрүнүн кесектиги, ирилиги м-н айыр­маланат (мисалы, асбест, антрацит). Эгерде бир нече пайдалуу компонент болуп калса, анда бир канча концентрат алууга болот. Мисалы, полиметалл кен­ташынан коргошун, цинк, жез, күкүрт концен­траты ылганат. Ошондой эле концентраттын түрдүү сорттору же комплекстүү концентрат өндүрүлөт, мисалы, жез-алтын же никель-кобальт концент­раттары. Кен ылгоо пайдалуу компонентти ылгоо системасын түзүү м-н ишке ашат. Адегенде кен­таш майда талкаланат. Материал 20–30 ммге чейин тегирменге тартылат. Керектүүлөрүн бөлүп алуу үчүн калбырлар колдонулат. Талкаланган бөлүкчөлөрү үчүн атайын классификатор пай­даланылат. Кенди минералдардын физикалык-химиялык касиеттерине карай ылгайт. Кесек бөлүкчөлөр­дүн өңү-түсүн, жылтырактыгын аппарат анык­тайт. Радиоактивдүүлүгү радиометрлик жол м-н такталат. Оордук күчү, тыгыздыгы, салма­гы гравитациялык ыкма м-н билинет. Магнит­түүлүгүн магнит сеперациясы, электрдик касиет­терин электр сеперациясы аркылуу билүүгө бо­лот. Азыркы кезде гравитация ж-а флотация ыкмалары кеңири колдонулууда.