КЕНШАНЫК ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНШАНЫК ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Талас Ала-Тоо­сунун түштүк капталында, Узун-Акмат суусунун алабында. 1932–33-жылдарда табылган. Кен аймагын доломиттешкен акиташ теги ж-а аны жиреп чык­кан гранит-диорит массиви түзөт. Кенташ аки­таш тегин жиреп чыккан герцин интрузиясын­дагы скарнда катмарча түрүндө жатат. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, арсенопирит, халькопирит, пирит ж. б. Кен герцин металло­гениялык доорунда метасоматоз жолу м-н пай­да болгон.