КЕНШАНЫК ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕНШАНЫК ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Талас Ала-Тоосунун түштүк капталында, Узун-Акмат суусунун алабында. 1932–33-жылдарда табылган. Кен аймагын доломиттешкен акиташ теги ж-а аны жиреп чыккан гранит-диорит массиви түзөт. Кенташ акиташ тегин жиреп чыккан герцин интрузиясындагы скарнда катмарча түрүндө жатат. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, арсенопирит, халькопирит, пирит ж. б. Кен герцин металлогениялык доорунда метасоматоз жолу м-н пайда болгон.