КЕН ТҮРКҮК
КЕН ТҮРКҮК , ш а х т а т ү р к ү г ү – жер бетине тик же жантайып чыгуучу жер астындагы тоо-кен казылмасы; жер астындагы тоокен иштерин тейлөө үчүн курулат. Чалгындоочу эксплуатациялык (башкы, жардамчы) ж-а атайын К. т. болот. Негизги К. т. шахтанын борб. аянтчасында жайгашып, жер бетине кенди, ал эми жардамчысы шахтёрлорду, бош тектерди, материалдарды, тетиктерди ташуу үчүн колдонулат. Жардамчы К. т., о. эле шахтаны таза аба м-н камсыз кылуу үчүн да пайдаланылат (вентиляциялык).