КЕНТЕРБЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́НТЕРБЕРИ – Улуу Британиянын түш.-чыгы­шындагы шаар. Кент графтыгынын аймагын­да. Англикан чиркөөсүнүн башчысынын рези­денциясы. Калкы 49,4 миң (2008). Римдиктер тарабынан 1-к-дын 2-жарымында чеп катары негизделген. Ыйык Августин аббатчылыгы (6– 11-к.; өлкөдөгү эң байыркы), Ыйык Мартин чиркөөсү (12-к.; Рим курулуштарынын калдык­тарын камтыйт), кафедралуу эң зор епископ собору (1075–77, шаардын үстүнөн көтөрүлүп чы­гып турат; уз. 160 м) Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине киргизилген. Бул собордо архие­пископ Т. Бекет ж-а принц Эдуард (Кара принц) ж. б-дын сөөгү коюлган. О. кылымда К. китеп миниатюрасынын борборлорунун бири болгон. Кент ун-ти (1965), Королдук музей (1858; сүрөт галереясы), К. Марло театры бар. Булгаары, та­мак-аш, электр-тех. ж-а полигр. ө. ж. ишкана­лары иштейт. Туризм өнүккөн.