КЕНТЕРБЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́НТЕРБЕРИ – Улуу Британиянын түштүк-чыгы­шындагы шаар. Кент графтыгынын аймагын­да. Англикан чиркөөсүнүн башчысынын рези­денциясы. Калкы 54,8 миң (2011). Римдиктер тарабынан 1-кылымдын 2-жарымында чеп катары негизделген. Ыйык Августин аббатчылыгы (6–11-кылымдар; өлкөдөгү эң байыркы), Ыйык Мартин чиркөөсү (12-кылым; Рим курулуштарынын калдык­тарын камтыйт), кафедралуу эң зор епископ собору (1075–77, шаардын үстүнөн көтөрүлүп чы­гып турат; узундугу 160 м) Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине киргизилген. Бул собордо архие­пископ Т. Бекет ж-а принц Эдуард (Кара принц) ж. б-дын сөөгү коюлган. Орто кылымда Кентербери китеп миниатюрасынын борборлорунун бири болгон. Кент университети (1965), Королдук музей (1858; сүрөт галереясы), К. Марло театры бар. Булгаары, та­мак-аш, электр-техника ж-а полиграфия өнөр жай ишкана­лары иштейт. Туризм өнүккөн.