КЕНТАШ ТАРАМДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ ТАРАМДАРЫ – тоо тектердин жара­каларын ээлеп жаткан минералдык заттардын тулкусу. Жөнөкөй ж-а татаал түзүлүштөн ту­рат. Жөнөкөй түрүнө минералдуу заттар ээлеп жаткан жаракалар кирет. Татаалдары бири­бирин кесип өтөт. Талкаланган аймактары кез­дешет. Түзүлүшү б-ча даана, көңдөйчө, ийилген, тепкичтенген, тарамдашкан турпаттарга бөлү­нөт. Тоо тектердин кабаттарын туурасынан жарып өткөндөрү кесүүчү тарам деп аталат. Ка­бат б-ча тарагандарын катмарлашкан тарам дейбиз. Уз. 1 мден жүздөгөн кмге жетет. Кээ бири жукарып, жок болуп кетет. Геол. ж-а жумуш­чу калыңдыктан турат. Жумушчу калыңдыгы бир нече смден ондогон мге барабар.