КЕНТАШ ТАРАМДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ ТАРАМДАРЫ – тоо тектердин жара­каларын ээлеп жаткан минералдык заттардын тулкусу. Жөнөкөй ж-а татаал түзүлүштөн ту­рат. Жөнөкөй түрүнө минералдуу заттар ээлеп жаткан жаракалар кирет. Татаалдары бири-­бирин кесип өтөт. Талкаланган аймактары кез­дешет. Түзүлүшү боюнча даана, көңдөйчө, ийилген, тепкичтенген, тарамдашкан турпаттарга бөлү­нөт. Тоо тектердин кабаттарын туурасынан жарып өткөндөрү кесүүчү тарам деп аталат. Ка­бат боюнча тарагандарын катмарлашкан тарам дейбиз. Узундугу 1 мден жүздөгөн кмге жетет. Кээ бири жукарып, жок болуп кетет. Геологиялык ж-а жумуш­чу калыңдыктан турат. Жумушчу калыңдыгы бир нече смден ондогон мге барабар.