КЕНЖЕГУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЖЕГУЛ – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 15 км түш.- батыш тарапта. Кашкар-Кыштак т. ж. бекети­нен 2,5 км. Калкы 2208 (2007); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.