КЕНЖЕГУЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕНЖЕГУЛ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 15 км түштүк- батыш тарапта. Кашкар-Кыштак темир жол бекетинен 2,5 км. Калкы 2917 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.