КЕН БАЙЛЫКТАР КАРТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН БАЙЛЫКТАР КАРТАСЫ – пайдалуу кен­дердин ар кандай түрлөрү көрсөтүлгөн геол., геогр., экон. ж. б. карта. Геол. изилдөөлөрдүн негизинде түзүлөт. Белгилүү аймактын геол. ж-а тектон. түзүлүшү, тоо тектери (түрлөрү, орун алышы, жайгашуу тартиби, пайда болуу мез­гили, стратигр. бөлүнүштөрү, ташка айланган орг. калдыктары), кен байлыктардын түрлөрү шарттуу белгилер м-н көрсөтүлөт. Масштабы, геол. кесиндилер, стратигр. мамыча берилет.