КЕМИЧКЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИЧКЕТ , К е м и ж к е т

– о. кылым­дарда кыргыз каганы турган шаар. «Худуд ал- Алам» б-ча кыргыздардын чыгыш жагында фури (кури) деген эл жашап, К. алардын чек арасына жакын жерде жайгашкан. Мындан тышкары бул маалыматта кыргыз урууларынын К-тен башка шаары болбогонун ж-а кыргыздар то­гузгуздардын батышы м-н түндүгүнөн орун алса, тогузгуздар Чиндин (Кытай) батышы, Тибеттин түндүгүндө турушканы эскерилген. Ошондуктан К-тин аталышы ж-а анын жайгашкан жери б-ча азырынча бирдей көз караш жок. Идриси­нин картасында (13-к.) кезигет. В. В. Бартольд аны Микиджкет деп чечмелеп (Шотт б-ча Ми­дичжит), «Таншудагы» (к. Кытай тарых дарек­тери) Мидичжы ш-на (к. Кыргыздар) салыш­тыруу м-н Хакас-Минуса ойдуңунда жайгашкан деп эсептеген.


Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена (в 4-х томах). В., 1998.