КЕМИЧКЕТ
КЕМИЧКЕТ , К е м и ж к е т

– орто кылымдарда кыргыз каганы турган шаар. «Худуд ал- Алам» боюнча кыргыздардын чыгыш жагында фури (кури) деген эл жашап, Кемичкет алардын чек арасына жакын жерде жайгашкан. Мындан тышкары бул маалыматта кыргыз урууларынын Кемичкеттен башка шаары болбогонун ж-а кыргыздар тогузгуздардын батышы м-н түндүгүнөн орун алса, тогузгуздар Чиндин (Кытай) батышы, Тибеттин түндүгүндө турушканы эскерилген. Ошондуктан Кемичкеттин аталышы ж-а анын жайгашкан жери боюнча азырынча бирдей көз караш жок. Идрисинин картасында (13-кылым) кезигет. В. В. Бартольд аны Микиджкет деп чечмелеп (Шотт боюнча Мидичжит), «Таншудагы» (к. Кытай тарых даректери) Мидичжы шаарына (к. Кыргыздар) салыштыруу м-н Хакас-Минуса ойдуңунда жайгашкан деп эсептеген.
Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена (в 4-х томах). В., 1998.