КЕМИРЧЕК ТИКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИРЧЕК ТИКЕН (Circiuv, Sievers) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Көп жылдык чөп, чачы тамырлуу, сабагы ж-а тамыр сабагы кыска, кээде бийикт. 30–40 см. Тамыр моюнча­сындагы жалбырактары жерге төшөлүп өсөт, уз. 5–20 см, туурасы 1–7 см, четтери канаттай оюк­туу, тикенчелүү. Гүлү ак, кээде кочкул кызыл. Себетинин орооч жалбыракчасынын учу ти­кендүү, четтери кирпикчелүү. Уругу жылмакай,

бозомтук же күрөң. Түн. Моңголия, Кытай, Си­бирь, Борб. Азияда кездешет. Кырг-ндын бар­дык аймактарында өрөөндөн тоонун альп ал­кагына чейин кеңири таралган. Көл, өзөн боюн­дагы шалбаа, саздак жерде өсөт. Тамыр сабагы желет. Жаш жалбырагын мал оттойт.