КЕМИРЧЕК ТИКЕН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕМИРЧЕК ТИКЕН (Circiuv, Sievers) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Көп жылдык чөп, чачы тамырлуу, сабагы ж-а тамыр сабагы кыска, кээде бийиктиги 30–40 см. Тамыр моюнчасындагы жалбырактары жерге төшөлүп өсөт, узундугу 5–20 см, туурасы 1–7 см, четтери канаттай оюктуу, тикенчелүү. Гүлү ак, кээде кочкул кызыл. Себетинин орооч жалбыракчасынын учу тикендүү, четтери кирпикчелүү. Уругу жылмакай,
бозомтук же күрөң. Түндүк Моңголия, Кытай, Сибирь, Борбордук Азияда кездешет. Кыргызстандын бардык аймактарында өрөөндөн тоонун альп алкагына чейин кеңири таралган. Көл, өзөн боюндагы шалбаа, саздак жерде өсөт. Тамыр сабагы желет. Жаш жалбырагын мал оттойт.