КЕЛДЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ЛДЫШ Мстислав Всеволодович (28. 1 (10. 2). 1911, Рига – 24. 6. 1978, Москва) –

орус матема­тиги ж-а механиги, СССР ИАнын академиги (1946; корреспондент-мүчө, 1943), СССР ИАнын Президиуму­нун мүчөсү (1953), вице-пре­зиденти (1960–1961), прези­денти (1961–75). Москва ун­иверситетин бүтүргөн (1931). Н. Е. Жу­ковский атындагы борбордук аэрогид­родинамика институтунда (1931– 46), Москва университетинде (профессор 1937), СССР ИАнын В. А. Стек­лов атындагы математика институтун­да (1936-жылдан), реактивдик ИИИде началь­ник, илимий жетекчи (1946–61), 1953-жылдан СССР ИАнын колдонмо математика институтунда дирек­тор болуп (өмүрүнүн акырына чейин) иштеген. Келдыш математика (комплекстүү өзгөрүлмөлүү функ­ция, функциялык анализ теориялары ж. б.), аэрогидродинамика, термелүү теориясы боюнча фун­даменталдуу эмгектерди жараткан. Авиация­нын, атомдук, эсептөө техникасынын ж-а маши­налык математиканын чечилбеген маселелерин изилдөөгө салым кошкон. Адамды космоско учу­руу, космос программасын жетектеген. Үч жол­ку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956, 1961, 1971). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1941, 1946), Лениндик сыйлыктын (1957) лауреаты. Жети Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар, чет элдик 4 орден м-н сыйлан­ган. Сөөгү Кызыл аянтта Кремль дубалына коюлган.


Ад.: Келдыш М. В. Творческий портрет по воспо­минаниям современников. М., 2002.