КЕЛДЫШ
КЕ́ЛДЫШ Мстислав Всеволодович (28. 1 (10. 2). 1911, Рига – 24. 6. 1978, Москва) –

орус математиги ж-а механиги, СССР ИАнын академиги (1946; корреспондент-мүчө, 1943), СССР ИАнын Президиумунун мүчөсү (1953), вице-президенти (1960–1961), президенти (1961–75). Москва университетин бүтүргөн (1931). Н. Е. Жуковский атындагы борбордук аэрогидродинамика институтунда (1931– 46), Москва университетинде (профессор 1937), СССР ИАнын В. А. Стеклов атындагы математика институтунда (1936-жылдан), реактивдик ИИИде начальник, илимий жетекчи (1946–61), 1953-жылдан СССР ИАнын колдонмо математика институтунда директор болуп (өмүрүнүн акырына чейин) иштеген. Келдыш математика (комплекстүү өзгөрүлмөлүү функция, функциялык анализ теориялары ж. б.), аэрогидродинамика, термелүү теориясы боюнча фундаменталдуу эмгектерди жараткан. Авиациянын, атомдук, эсептөө техникасынын ж-а машиналык математиканын чечилбеген маселелерин изилдөөгө салым кошкон. Адамды космоско учуруу, космос программасын жетектеген. Үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956, 1961, 1971). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1941, 1946), Лениндик сыйлыктын (1957) лауреаты. Жети Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар, чет элдик 4 орден м-н сыйланган. Сөөгү Кызыл аянтта Кремль дубалына коюлган.
Ад.: Келдыш М. В. Творческий портрет по воспоминаниям современников. М., 2002.