КЕЛДИБЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛДИБЕК Карбоз уулу (1800, Чүй өрөөнү – 1880, Нарын өрөөнү) – манасчы. К-тин өмүрү чыг-лыгы ж-дө так маалымат бизге жетпеген м-н анын таланттуу жомокчу болгондугун ай­гинелеген аңыз-уламалар бар. «Манасты» 17– 18 жашынан айта баштаган. Ал «Манасты» баштан-аяк толук айткан. Өзүнөн кийинки бар­дык жомокчуларга анын таасири күчтүү болгон. Жомокту түрдүү кыймыл-аракеттер м-н ат­каргандыктан, төрдөн босогого барып калчу экен. К-тин «Манас» айтып калышынын себе­би – түшүнө Манас баатырдын кириши. К. «Ма­нас» айтып жатканда, үй солкулдап, бороон жүрүп, чак түштө күүгүм түшүп, Манастын чо­ролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турган дешет. Анын табыпчылык касиети да болгон.