КЕЛДИБЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛДИБЕК Карбоз уулу (1800, Чүй өрөөнү –1880, Нарын өрөөнү) – манасчы. Келдибектин өмүрү,чыгармачылыгы жөнүндө так маалымат бизге жетпеген м-н анын таланттуу жомокчу болгондугун ай­гинелеген аңыз-уламалар бар. «Манасты» 17–18 жашынан айта баштаган. Ал «Манасты» баштан-аяк толук айткан. Өзүнөн кийинки бар­дык жомокчуларга анын таасири күчтүү болгон. Жомокту түрдүү кыймыл-аракеттер м-н ат­каргандыктан, төрдөн босогого барып калчу экен. Келдибектин «Манас» айтып калышынын себе­би – түшүнө Манас баатырдын кириши. Келдибек «Ма­нас» айтып жатканда, үй солкулдап, бороон жүрүп, чак түштө күүгүм түшүп, Манастын чо­ролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турган дешет. Анын табыпчылык касиети да болгон.