КЕЙПТАУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЙПТА́УН (англ. Cape Town, Capetown), К а п­ с т а д – ТАРдын түштүк-батышындагы шаар.
Батыш Кейп провинциясынын административдик борбору. Атлантика океанынын жээгинде, Илгери Үмүт

Шаардын бир бөлүгү.

тумшугуна жакын жайгашкан. ТАРдын өкмө­түнүн резиденциясы. Калкы 3,4 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаарлардын бири). Ири жол­дор тоому. Порт (жылына 42 млн т жүк ташы­лат). Эл аралык аэропорту бар. 1652-жылы негиздел­ген. Ыйык Андрей чиркөөсү (1929), Ыйык Геор­гий собору (1904), Түштүк Африка королдор коому (1877), калк китепканасы, университет, Түштүк Африка музейи, улуттук галерея, филармония, опера мектеби бар. Химия, текстиль, машина куруу, нефть ажыратуу, жыгаччылык, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Алмаз кырдалат. 17–18-кылымдардын архитектура эстеликтери сакталган. 1652-жылы голланддар тарабынан негизделген. Кейптаунга жакын Африкадагы алгачкы АЭС курулган. Ботаникалык бак уюштурулуп, анда Түштүк Африканын флорасы­нын уникалдуу коллекциясы өстүрүлөт. Океана­рий ж-а аквапарк бар. Жыл сайын менестрель (эшик ырчы) фестивалы өткөрүлүп турат. Ту­ризм өнүккөн (жылына 1,6 млн турист келет).