КЕЙПТАУН
КЕЙПТА́УН (англ. Cape Town, Capetown), К а п с т а д – ТАРдын түштүк-батышындагы шаар.
Батыш Кейп провинциясынын административдик борбору. Атлантика океанынын жээгинде, Илгери Үмүт

тумшугуна жакын жайгашкан. ТАРдын өкмөтүнүн резиденциясы. Калкы 3,7 млн (2021; өлкөдөгү эң ири шаарлардын бири). Ири жолдор тоому. Порт (жылына 42 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. 1652-жылы негизделген. Ыйык Андрей чиркөөсү (1929), Ыйык Георгий собору (1904), Түштүк Африка королдор коому (1877), калк китепканасы, университет, Түштүк Африка музейи, улуттук галерея, филармония, опера мектеби бар. Химия, текстиль, машина куруу, нефть ажыратуу, жыгаччылык, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Алмаз кырдалат. 17–18-кылымдардын архитектура эстеликтери сакталган. 1652-жылы голланддар тарабынан негизделген. Кейптаунга жакын Африкадагы алгачкы АЭС курулган. Ботаникалык бак уюштурулуп, анда Түштүк Африканын флорасынын уникалдуу коллекциясы өстүрүлөт. Океанарий ж-а аквапарк бар. Жыл сайын менестрель (эшик ырчы) фестивалы өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жылына 1,6 млн турист келет).